«Кирешелүү тармактарды монополия кылып алышкан» — Орунбеков «Манастын» мурдагы жетекчилиги тууралууКМДБ Умра сапарын уюштуруу боюнча 34 турфирманы аккредитациялады — тизмеКамчыбек Ташиев УКМК Эрлисти Акунбековду эмне себептен кармаганын түшүндүрдүБишкекте Шакиранын концертине карата Bishkek Arena стадионунда сахна курула баштады — видеоКыргызстандын жаштары атом тармагын өнүктүрүүнүн жол картасын түзүштүАраван районунда аңчылык жана балык уулоо эрежелерин бузган 4 адамга айып пул салынды
Кыргызстандын медиктери квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатууга милдеттендирилет — долбоор
05.06.2026 | 13:04

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги саламаттык сактоо чөйрөсүндө кошумча кесиптик билим берүү тартибин бекитүү тууралуу Министрлер Кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Долбоорго ылайык, медицина жана фармацевтика кызматкерлери үчүн кошумча кесиптик билим алуу кесиптик ишмердүүлүккө уруксат берүүнүн милдеттүү шарты болуп калат.
Программанын эки түрү каралууда: квалификацияны жогорулатуу — негизги адистиктин алкагында билимди тереңдетүү үчүн жана кесиптик кайра даярдоо — жаңы компетенцияларга ээ болуу үчүн. Окутуу жумуштан ажыратылган же ажыратылбаган тартипте, анын ичинде дистанциялык форматта өтүшү мүмкүн.
Мындай билим берүү программаларын ишке ашырган уюмдар мамлекеттик аккредитациядан өтүшү керектиги белгиленген.
«Медициналык жана фармацевтикалык билим берүү чөйрөсүндөгү ишмердүүлүккө лицензияларды саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берет. Топтолгон кредит-сааттардын эсебин Ресурстарды башкаруунун улуттук маалыматтык системасында (НИСУР) жүргүзүү пландалууда», — деп айтылат документте.
Эске салсак, Президенттин 2025-жылдын 28-августундагы жарлыгына ылайык, жогорку медициналык жана фармацевтикалык билими бар адистерди даярдоого өзгөчө укугу бар система түзүүчү окуу жай статусу И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына (КММА) бекитилген.