Ташиевдин жол тандабасы кырсыкка кабылды. УКМК чоо-жайын айтты

Ташиевдин жол тандабасы кырсыкка кабылды. УКМК чоо-жайын айтты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге таандык Land Cruiser 300 кызматтык унаанын катышуусундагы жол кырсык боюнча маалымат такталды. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Окуянын чоо-жайын тактоо учурунда Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу «Манас» аэропортуна сапарга чыгып, Бишкекке кайтып келе жатканы белгилүү болгон.

“Манас” аэропортунан Бишкекке бара жаткан трассада Бишкек шаарынын тургунунун скутерин Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен.

«Окуянын катышуучулары бул кичинекей жол кырсыгын тынчтык жолу менен чечишкен. Жабыркагандар жок. Медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, скутердин айдоочусунун абалы канааттандырарлык, жеңил жараат алган.

Ошол эле учурда скутердин айдоочусу өзү буга чейин социалдык тармакта Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна дооматы жок экенин билдирген”, — деп айтылат маалыматта.

Кызматтык унаанын ичинде Камчыбек Ташиев өзү болгон эмес.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>