Ырчы Алишер Тоотаев директорлук кызматка дайындалды

Ырчы Алишер Тоотаев директорлук кызматка дайындалды

Алишер Тоотаев Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониянын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма соз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Алишер Тоотаев аталган кызматка 20-февралда дайындалды.

Аны эмгек жамаатка министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырган. Ал жаңы дайындалган жетекчиге ишине ийгилик каалап, алдыда жасала турган иштер арбын экенин белгилеген.

Алишер Тоотаев 1982-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында туулган.

Ниязаалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын окутуучу, оркестр артисти багытында жана Кыргыз-Өзбек университетинин экономика багытында билим алган.

Алишер Тоотаев Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармонияда солист, «Долбоор» акционердик коомунда музыкант, «ЭлТР» телеканалында редактор болуп эмгектенген. 2018-жылдан баштап «Жигиттер» фольклордук-эстрада тобун жетектеп келген.

«Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисинин жана башка бир катар сыйлыктардын ээси.

Эскерте кетсек, буга чейин Ош облустук филармониясын Гүлшайыр Садыбакасова жетектеп келген.

Гүлшайыр Садыбакасова директорлук кызматынан бошотулду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>