Орозого чейин төрт анализди сөзсүз тапшыруу керек, — дарыгер

Орозого чейин төрт анализди сөзсүз тапшыруу керек, — дарыгер

Орозо айы башталганга чейин төрт анализди сөзсүз тапшыруу керек. Бул тууралуу дарыгер Эрмек Исмаилов өзүнүн блогунда билдирди.

Анын айтымында, орозо кармап жатканда адамдын иммунитети төмөндөп кетпеши үчүн алдын ала анализ тапшырып, жыйынтыгын билип алуу оң.

“Алар — кандын жалпы анализи, ферритин, Д витамини жана В12 витамини. Эгерде организмде бул элементтер жетишсиз болсо, аларды сөзсүз толтурууга аракет кылуу керек. Себеби, орозодо иммунитет төмөндөбөй, орозону жакшы өткөрүүгө өбөлгө болот”, — дейт дарыгер.

Ошондой эле, ал Орозо айын жеңил өткөрүүнүн 3 жолу менен бөлүштү.

“Биринчиси — туз жана кантты колдонууну азайтуу, экинчиси – уйкунун режимин оңдоо, 6 же 8 сааттан уктоо керек. Үчүнчүсү – ачуу жана майлуу такмактарды рациондон азайтуу зарыл. Анткени бул тамактар боордун иштешин оорлотот”, — дейт Эрмек Исмаилов.

Буга чейин Кыргызстанда быйыл Орозо айы 23-мартта башталышы мүмкүн экени маалымдалган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от REPORTER.KG (@reporter.kyrgyz)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>