Садыр Жапаров V Элдик курултай жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров юбилейлик V Элдик курултайды чакыруу тууралуу жарлыкка кол койду. Жалпы элдик масштабдуу жыйын 18-декабрда Бишкек шаарында өтөт, ага өлкөнүн бардык аймактарынан шайланган 700 делегат катышат.
Документ менен уюштуруу комитетинин курамы, аймактык квоталардын бөлүштүрүлүшү жана иш регламенти бекитилди. Жер-жерлерде делегаттарды шайлоону IV Курултайдын Улуттук кеңеши тарабынан иштелип чыккан эрежелерге ылайык Курултайдын катчылыгы, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштурат.
Ички иштер министрлигине региондордо талапкерлерге добуш берүү жана жыйындарды өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.