«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Ысык-Атада телефон кабелдерин уурдап жүргөн киши кармалды
30.04.2022 | 11:38
Кабель уурулук боюнча бир нече фактыларды жасаган деген шек менен адам кармалды. Бул туурасында Чүй облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 27-апрель күнү Ысык-Ата райондук милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ивановка айылында телефон кабелин уурдаганга шектүү жаран кармалды. Ал тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Анын өздүгү такталып, ал жергиликтүү тургун 51-жаштагы М.Д. болуп чыккан.
Ысык-Ата РИИБнин милиция кызматкерлери тарабынан мындан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогоруда аталган жаран Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында дагы 4 кабель уурулук фактысына тиешеси бар экендиги аныкталды.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар