Чүй: 23 жаштагы эки жигит Ивановкада кой уурдашты

Чүй: 23 жаштагы эки жигит Ивановкада кой уурдашты

Ысык-Ата районунун Ивановка айылында уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул туурасында Чүй облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда,  29-апрель күнү Ысык-Ата райондук милицияга 32-жаштагы А.М. аттуу Ивановка айылынын тургуну 26-апрелден 27сине караган түнү айылдын четинде жайгашкан мал сарайга белгисиз адамдар кирип эки коюн уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Укук коргоо органдары шектүү катары бир нече жолу соттолгон эки жергиликтүү тургунду кармашкан. Бири 23 жаштагы Д.К. экинчиси болсо К.И. кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында жогорудагы адамдар күнөөсүн мойнуна алышкан, андан соң Ысык-Ата райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда башка дагы кылмыштарга тиешесин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>