Ысык-Көл: Дүкөндөн тоногон товарын борбордон саткан адам кармалды

Ысык-Көл: Дүкөндөн тоногон товарын борбордон саткан адам кармалды

Жети-Өгүз районунда дүкөндү тоноп кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 27-июль күнү  Жети-Өгүз РИИБге арыз менен  Тосор айылынын Ж.К. аттуу тургуну кайрылган. Арызында, ал 26-июль түнү Тосор айылындагы жайгашкан «Ракымжан» дүкөнүнүн кампасынын  эшигин белгисиз адамдар талкалап кирип,  кассадагы пакетке салынган майда тыйындарды,  витринадагы тамекилерди жана видеокөзөмөлдөөнүн  процессорун жулуп,  уурдап кетишкендигин билдирген.  Натыйжада жабырлануучуга 150 миң сом материалдык чыгым келтирилген.

Аталган факты Жети-Өгүз РИИБдин КБРне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен  кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, Жети-Өгүз  райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери кылмыштын изин суутпай, кылмышка шектүү жаранды кармашкан. Ал Каракол шаарынын 34 жаштагы тургуну. Э.Э.  болуп чыкты.

Кылмышка шектүү катары кармалган жарандын айтымында, уурдалган тамекилерди Бишкек шаарына алып барып сатып, акча каражаттарын өз кызыкчылыгына пайдаланган жана дүкөндүн ичиндеги видеокөзөмөлдүн процессорун Боом капчыгайында агып жаткан дарыяга ыргытып салган.

Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө, ал Ысык-Көл облусунун  аймагында дагы 13 уурдоо фактысына тиешеси бар экендиги аныкталып,  алар боюнча күнөсүн толук мойнуна алган.

Райондук  соттун чечими менен тергөөнүн жүрүшүндө үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: уурдоо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>