Ислам оюндары: Оор атлетчи Канымжан Алмазбек кызы коло алды

Ислам оюндары: Оор атлетчи Канымжан Алмазбек кызы коло алды

Чоюн билек балбан кыз Канымжан Алмазбек кызы Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында оор атлетика боюнча коло байге тагынды.  Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, спортчу 87 килограмм салмакта күч сынашкан.  Ал жулкуп көтөрүүдө 76, түртүп көтөрүүдө 95 килограмм көтөрүп жалпы  эсеп (171 кг) менен 3-орунду ээлеген.

Учурда Ислам тилектештик оюндарында Кыргызстандын капчыгында 6 алтын, 6 күмүш жана 10 коло медаль бар.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>