Ташиев чек арада ок атышуунун себебин атады

Ташиев чек арада ок атышуунун себебин атады

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу жайлоо талашуудан улам чыккан. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин видеосун Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы таратты.

Камчыбек Ташиев видеодо бүгүнкү кырдаал менен кошо жаңжалдын келип чыгуу себептерин айтып берген.

«Азыркы учурда чек арада абал туруктуу. Башка жерлердеги чек араларда бардык жоокерлер өздөрүнүн кызматтарын аткарып жатышат. Сүйлөшүүлөр болду. Ошол жерде бир жайлоону талашып, жайлоо боюнча ушундай жаңжал чыккан. Аларда дагы, бизде дагы техникалар бар. Жаңжал болгон жер жайлоо болгондуктан аскер техникаларынын кириши оор болгон. Бирок, кайсы бир деңгээлде ал жерге аскер техникаларын жакыныраак алып барганга мажбур болдук. Бардык техникалар артка кайтты, азыр эч кандай кооптонууга негиз жок», — деди Ташиев.

 

Бүгүн, 3-июнда түшкө жуук Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөн. Алар кыргыз чек арачыларынын өз аймагына чыгуу талабын аткарган эмес. Алгач тажик чек арачылары ок чыгарып, ортодо атышуу башталганы маалымдалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>