Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Ысык-Көлдө 19 жаштагы кыз асынып алды
28.10.2021 | 13:52
Ысык-Көл облусунда кыз өз жанын кыйды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
26-октябрда Тоң районунун ички иштер бөлүмүнө 1982-жылы туулган Т.К., кайрылып, ошол эле күнү 19 жаштагы кызы Эшперов айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегендигин билдирген.
Милиция дароо издөөгө киришкен.
27-октябрда саат 07:00дө милицияга Тоң айылындагы “Эклап” пляжында бир кыз асынып алганы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул изделип жаткан кыз экени аныкталган. Сөөктөн зордук-зомбулуктун изи табылган эмес.
Сөөк өлүкканага өткөрүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар