9-кабаттан боюн таштаган жигит. ӨКМ ички иликтөө жүргүзүүдө

9-кабаттан боюн таштаган жигит. ӨКМ ички иликтөө жүргүзүүдө

Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан 9 кабаттуу үйдөн боюн таштаган жигиттин окуясына байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тууралуу маалымат таратты.

“Саат 12:30да Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруу кызматына өзүнүн жанын кыюуга аракет көрүп жаткан жаран тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ӨКМдин 10 адамдан турган куткаруучулары, анын ичинде эки психолог жана бир тез жардам бригадасы дароо жерине чыгып кетишкен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин психологдору жигит менен тынымсыз сүйлөшүү жүргүзүп сактап калууга аракет кылышкан. Жигит куткаруучуларга жана психологдорго өз жанын кыюу үчүн чечим кабыл алганын билдирген. 4 сааттык сүйлөшүүдөн кийин жанын кыюуга аракет жасаган жаранды ӨКМдин психологдору көндүрүп, ал аларды көздөй бет алган. Бирок күтүүсүздөн бурулуп 9-кабаттан секирип кеткен”, — деп маалымдайт.

Бул окуя боюнча ӨКМ ички иликтөө жүргүзүп жатканын белгилешти.

Боюн таштап каза болгон жигит 22 жаштагы Мунарбек Ташкулов болгон. Алдын-ала маалыматтар боюнча анын өлүмүнө сүйлөшкөн кызы экөөнүн ортосундагы пикирлер себеп болгон. Учурда ИИМ бул окуя боюнча иликтөө жүргүзүүдө.

Абайлагыла видео! Бишкекте белгисиз жаран көп кабаттуу имараттан секирип кетти

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>