Көчмөндөр оюндары учурундагы сел коркунучу — ӨКМ коопсуздук чараларын күчөттү

Ысык-Көлдөгү сел жана суу ташкын коркунучуна байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүчү объектилерде, ошондой эле катышуучулар менен коноктордун жүрүү маршруттарында коопсуздук чараларын күчөттү. Бул тууралуу Reporter.kg сайтына мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 300дөн ашык куткаруучу жана 77 бирдик атайын техника, анын ичинде эки тик учак тартылды.
Ведомстводон эскертишкендей, 2-сентябрдан 5-сентябрга чейин күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жана суу ташкындары жүрүшү мүмкүн.
Ошондой эле Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында ӨКМ катышуучулардын, коноктордун жана көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча профилактикалык жана практикалык иш-чараларды өткөрдү.
Күчтөрдүн жана каражаттардын эсептери такталып, бөлүктөрдүн жоопкерчилик аймактары аныкталды, өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү пландары актуалдаштырылды.
Куткаруу бөлүктөрү жана атайын техника жогорулатылган даярдык режимине келтирилди. Ошондой эле күчөтүлгөн нөөмөт уюштурулуп, кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүлүүдө. Атайын техника авариялык-куткаруу жабдуулары, байланыш каражаттары жана атайын шаймандар менен камсыздалган.
Убактылуу куткаруу посттору автоунаа жолдорунун кооптуу тилкелеринде төмөнкү багыттар боюнча жайгаштырылды:
— Алма-Ата көчөсү — айланма жол;
— Бишкек — Нарын — Торугарт автожолу, «Кара-Суу» бурулушу;
— Бишкек — Нарын — Торугарт автожолу, Токмок шаары;
— Бишкек — Балыкчы автожолунун 132-чакырымы, Боом капчыгайы;
— Бишкек — Балыкчы автожолунун 145-чакырымы, Куакы капчыгайы;
— Бишкек — Балыкчы — Каракол автожолу, Балыкчы шаары (айланма жол);
— Бишкек — Балыкчы — Каракол автожолу, Тамчы айылы;
— Бишкек — Балыкчы — Каракол автожолу, Өрнөк айылы.
Мындан тышкары, ӨКМдин күчтөрү жана каражаттары VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлүүчү негизги объектилерге тартылды:
— Курманжан Датка атындагы музей;
— «Евразия» мейманканасы;
— №2 Мамлекеттик резиденция;
— «Рух Ордо» маданий борбору;
— ипподром, Көк бөрү аренасы;
— «Газпром» комплекси;
— «Номад» амфитеатры;
— Кырчын капчыгайы.
ӨКМ ошондой эле гидрометеорологиялык абалга туруктуу мониторинг жүргүзүүдө. Шашылыш билдирүүлөр түшкөндө жана аба ырайынын божомолу такталганда, маалымат ыкчам түрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, тиешелүү мамлекеттик органдарга, коопсуздук кызматтарына жана иш-чараларды уюштуруучуларга берилет, ошондой эле мекеменин расмий ресурстарында жарыяланат.
Анара Мамытова