Ысык-Көлдө 5 автомектепке айып салынып, бирөө жабылды

Ысык-Көлдө 5 автомектепке айып салынып, бирөө жабылды

Ысык-Көл облусунда эреже бузгандыгы үчүн 5 автомектепке айып салынып, бирөө жабылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда Ысык-Көл ОИИБ жана Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын комиссиясы тарабынан айдоочуларды даярдоо, же кайра даярдоо мекемелеринин лицензиялык талаптарга дал келүүсү боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жол коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, облустун аймагында жалпы 21 автомектеп ишмердүүлүк жүргүзөт, анын ичинен 14 жоопкерчилиги чектелген коомдор, 7 кесиптик лицейлердин жана жогорку окуу жайынын базаларында болуп саналат.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 28 көрсөтмө берилип, 6 автомектепке Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 284-беренесинин 2-бөлүгүнө (Лицензиялоонун талаптарын бузуу) ылайык айып салынды. Анын жалпы суммасы 102 миң сомду түздү жана 1 автомектептин иши токтотулду.

Айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө жана алууда мыйзамдуулукту, ошондой эле Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан ИИМ алдындагы «Унаа» мамлекеттик ишканасынын курсанттар тарабынан сапаттуу практикалык айдоону көзөмөлдөө жана жүргүзүү максатында Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын инспекторлору бекитилди.

Жыл башынан бери Каракол жана Балыкчы шаарларынын «Унаа» мамлекеттик ишканасында экзамен тапшыргандардын саны 25255ти түзүп, алардын ичинен 5657 курсант экзамен тапшыра алышты.

Эске салсак, лицензия айдоочулук мектептерге чексиз мөөнөткө берилет. Эгерде лицензияда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса (үч айдын ичинде аныкталган кемчиликтер жоюлбаган учурда), лицензиялар кайра чакыртылышы мүмкүн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>