Ысык-Көлдө 60 сотых жердеги кара куурайлар жок кылынды

Ысык-Көлдө 60 сотых жердеги кара куурайлар жок кылынды

Ысык-Көл облусунун аймагында милиция кызматкерлери тарабынан жапайы өскөн кара куурайлар жок кылынууда. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Мак-22» операциясынын алкагында Ак-Суу районундагы Боз-Учук айыл аймагынын аймагында Ак-Суу РИИБдин Боз-Учук айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен бирдикте аймактагы жапайы өскөн  кара куурайдан жабыркаган жерлерди изилдөө ши-чараларын  жүргүзүп,  анда  2,19 гектар  жер аянты аныкталган.

Бул операциянын максаты жапайы өскөн кара куурайдын жана башка баңги камтыган өсүмдүктөрдүн мыйзамсыз себүүлөрүн жана өсүү очокторун аныктоо жана жоюу болуп саналат. Иш-чаранын алкагында бүгүнкү күндө 60 сотых аянт кол менен чабылып, 1150 кг жапайы өскөн кара куурайдын жашыл массасы жок кылынды.

Жыл сайын милиция кызматкерлери жапайы кендирди жок кылуу боюнча атайын иш-чараларды өткөрүшөт.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аларга атайын бригадалар менен жардам беришет. Ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрү бул мыйзамсыз «бизнеске» бөгөт коюу үчүн  көптөгөн иш аракеттерди  жасап келишет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>