Нарында 16 күндөн бери изделип жаткан карыянын сөөгү табылды

Нарында 16 күндөн бери изделип жаткан карыянын сөөгү табылды

Нарында 16 күндөн бери изделип жаткан карыянын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 29-июнунан тартып дайынсыз жоголуп жаткан Нарын шаарынын 80 жаштагы Т.Ж. аттуу тургундун сөөгү бүгүн, 15-июлда “Нарын” дарыясынын жээгинен туугандары табышкан.

Буга байланыштуу Нарын районунун Учкун айылына караштуу Көк-Жар тилкесине Нарын шаардык №16 Өрткө каршы бөлүгүнөн 5 куткаруучу тартылып, адамдын сөөгүн туугандарына өткөрүп беришкен.

Эске салсак, 80 жаштагы карыя үйүнөн кечинде чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Аны издөө учурунда кийимдери “Нарын” дарыясынын жээгинен табылган. Мындан улам ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын Нарын шаардык жана райондук ӨК бөлүмдөрүнүн куткаруучулары жана туугандары менен биргеликте бир нече топторго бөлүнүп, дарыя жээктеп издешкен. Издөө иштеринен жыйынтык болбогондуктан издөөнү убактылуу токтотулган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Нарын

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>