Ысык-Көлдө баңгизат ташып бараткан жаран кармалды — видео

Ысык-Көлдө баңгизат ташып бараткан жаран кармалды — видео

Ысык-Көл облусунда ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташуучу жаран карамалды, деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгына М.Ш. аттуу жаран Ысык-Көл аймагында баңгизаттарды сатуу менен алектенип жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Аталган факт боюнча Жети-Өгүз РИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жети-Өгүз райондорунун Барскоон айылында кызматкерлер тарабынан атайын тергөө аракеттерин өткөрүү учурунда 1988-жылы туулган М.Ш. аттуу жарандын башкаруусундагы «Хонда СРВ» автоунаасы токтотулган.

Аталган унаада айдоочунун отургучунун алдында ичинде баңгизат каражаты салынган 60 ширеңке кутучасы табылып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын кортундусуна ылайык, алынган зат салмагы 640 гр түзгөн “гашиш” экени аныкталган.

Кармалган адам Каракол шаарынын тергөө изоляторуна киргизилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: баңгизат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>