Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
“Учкунда” гараждар түрттүрүлүүдө – видео
30.09.2022 | 17:22
Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча инспекциясы “Учкун” кичи районундагы гараждарды бузуу иштерин баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Свердлов райондук соту 3-августта 117 гаражды мыйзамсыз тургузулган деп тапкан. Ага байланыштуу аталган инспекция гараж ээлерине жерди 30-сентябрга чейин бошотуу тууралуу эскертүүлөрдү берген. Эскертүүлөрдөн кийин ээлери тарабынан 10 гараж алынган.
Учурда инспекция 5 гаражды түрттүргөн. Демонтаждоо иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом