Ысык-Көлгө чөгүп кеткен баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Алтын-Балалык” жаш балдардын ден-соолугун чындоо борборунда эс алып жүргөн жаш бала көлгө чөгүп кеткен.
Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 3 куткаруучу тартылып, баланын жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.