Бишкекке Кытайдын C909 учуучу госпитали келдиКыргызстанда биринчи улуттук спутник иштелип чыкты. Ал айыл чарба тармагында колдонулатБишкекте дарыгерлер 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн тыйынды алып чыгыштыСуучул Денис Петрашов Азия оюндарында күмүш медаль уттуБишкекте 25-сентябрдан тартып №43 автобустун каттамы өзгөрөтШайназаров: БШК шайлоо менен алектениши керек, лотерея менен эмес
Ысык-Көлдө комага түшүп калган кызды Бишкекке алып кетти
14.05.2021 | 16:30
Ысык-Көлдө жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган кызды ата-энеси Бишкек шаарына алып кетишти. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Белгилей кетсек, 12-майда комага түшүп калган белгисиз кызды Бостери айылынан Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлер бейтапка “Мээ комасы” деген диагноз коюшкан.
Кыздын ата-энеси табылып, аны Бишкек шаарына алып кетишкен. Ата-энесинин айтымында, ал азыр Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жатат жана анын абалы канааттандырарлык.
“Ысык-Көл райондук милициясы, жогорудагы окуя тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарынан билип, кыздын өздүгүн аныктоого активдүү катышкан ар бир адамга терең ыраазычылыгын билдирет”, – деп кабаралант.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом