Ысык-Көлдө мамонттун сөөгү менен азуусу табылды (сүрөт)

Ысык-Көлдө мамонттун сөөгү менен азуусу табылды (сүрөт)

Ысык-Көлдөгү мамонттун сөөгү табылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, 2-июнда Ак-Суу районудагы Жыргалаң дарыясынын байыркы жайылмасынын кумдак жеринде карьердик иштер учурунда мамонттун азуусу табылган. Бул табылга тууралуу карьердин ээси Р.К. Карыпбаев дароо маалымат берип, 3-июнда жерине археологдор А. Абдыканова, А.Эмил уулу жана студенттер Н. Султанов жана Б. Садылдаев жөнөп кеткен.

Текшерүү учурунда карьерде 3-5 метр тереңдикте бири-биринен 140-150 метр аралыкта эки башка жерден азуунун жана астыңкы жаактын сыныктары табылганы белгилүү болду. Азуу табылган жерди тазалоодо көмүлгөн сөөктүн бир бөлүгү табылды.

Сөөктөр начар абалда болгондуктан, археологдор баш сөөктүн бир бөлүгүн гана алып чыга алышкан. Мурда табылган азуунун жана жаактын сыныктары тазаланып, өз ордунда консервацияланган.

Бардык табылгалар таңгакталып, ташууга даярдалды. Консервациялангандан кийин бардык табылгалар музейге өткөрүлөт.

Министрлик мамонттун сөөктөрү табылган жерден келечекте башка табылгалар да чыгышы мүмкүн экенин белгилейт. Ошондой эле эски доорго тиешелүү табылгаларды таап калган жарандарды аларга аяр мамиле жасап, мамлекеттик органдарга жана археологдорго өз маалында кабар берүүсүн суранат.

Ошондой мамонттун сөөгү табылганы тууралуу өз убагында кабар берген карьердин ээси Р.К. Карыпбаевге жана А. Абдыканова жетектеген археологдорго ар тараптуу изилдөө жүргүзгөнү үчүн ыраазычылык билдирет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>