УКМК Чоң-Алайдагы «Алтын мазар» Тажикстанга берилгенин четке какты

УКМК Чоң-Алайдагы «Алтын мазар» Тажикстанга берилгенин четке какты

УКМК Кыргызстандын айрым жерлери Тажикстанга берилгенин четке какты. Бул тууралуу мекеменин билдирүүсүндө айтылат.

Коопсуздук кызматы жарандарды расмий маалыматтарга гана ишенүүгө чакырат.

“Социалдык тармакта жана жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик органдардын ишине көлөкө түшүрүү аракети жүрүүдө.  Кыргыз жерлеринин Тажикстанга берилиши боюнча маалымат чындыкка дал келбейт. Андыктан УКМК мындай маалыматтарга ишенбөөгө чакырат”, — дейт мекеме.

Белгилей кетсек, социалдык тармакта 2-октябрда Баткенде кол коюлган №44 протоколго ылайык  Чоң-Алайдагы «Алтын мазар» тилкеси Тажикстанга берилгени тууралуу маалыматтар жарыяланууда.

«Алтын мазар» — Чоң Алай районундагы тарыхый жай. Анда XIII кылымда каза болгон Кушлук хандын күмбөзү орнотулган.

Белгилей кетсек, Ош облусунун Ноокат жана Өзгөн райондору менен бирге Чоң-Алайда дагы митинг өткөрүүгө тыюу салынды. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>