Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарынын жеңүүчүсү болду

Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарынын жеңүүчүсү болду

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын жеңүүчүсү болду.

Күрөш боюнча мелдештер бүгүн, 4-октябрда башталып, Шаршенбековдун биринчи беттеши 1/8 финалда болуп өттү.

Анын алгачкы атаандашы тажикстандык Асламжон Азизов болду. Беттештин биринчи бөлүгүндө тажикстандык балбан 5 упай алып, алдыга чыккан. Бирок экинчи бөлүктө Жоламан Шаршенбеов жалпы 8 упай алууга жетишип, жеңишти сууруп кетти.

Чейрек финалда Шаршенбеков түштүк кореялык Ханжаэ Чунду 9:0, андан кийин жарым финалда өзбекстандык Исломжон Бахрамовду 11:0 эсебинде жеңди.

Финалда Шаршенбеков япониялык Аята Сузуки менен беттешип, биринчи бөлүктүн аягында анын далысын килемге басып, таза жеңишке жетти.

Шаршенбеков биринчи ирет Азия оюндарынын жеңүүчүсү болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>