Кыргызстан түштүк кореялык компания менен киберкоопсуздук боюнча меморандумга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялар агенттигинин директору Равшанбек Сабиров PIOLINK компаниясынын президенти Ян Чхоль Чо менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар санариптик инфраструктура, заманбап технологияларды киргизүү жана киберкоопсуздукту өнүктүрүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүү келечегин талкуулашты.
«Бүгүнкү күндө санариптик инфраструктура өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугунун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Биз үчүн алдыңкы технологиялык чечимдерди киргизүү гана эмес, санариптик долбоорлорго инвестиция тартуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү да маанилүү. PIOLINK компаниясы менен кызматташуу технологиялык пайдубалды чыңдоого жана Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин кеңейтүүгө мүмкүндүк берет деп ишенебиз», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.
Тараптар ошондой эле республикада санариптик трансформациялоо жана заманбап технологиялык чечимдерди киргизүү жаатында өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялар агенттиги менен PIOLINK компаниясынын ортосунда санариптик инфраструктура жана киберкоопсуздук тармагында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.