Депутатка иш козгоого макулдук керек эмес. Эл өкүлдөрү чечимди сындашты

Депутатка иш козгоого макулдук керек эмес. Эл өкүлдөрү чечимди сындашты

Конституциялык соттун жетекчиси келип, алардын чечимин түшүндүрүп берсин. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 1-июндагы жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.

Өмүрзаков Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевден Конституциялык соттун төрагасынан түшүндүрмө талап кылууну өтүндү.

«Сиз төрага катары Конституциялык соттун төрагасын жана чечим чыгарган судьяны чакырып, түшүндүрмө алышыңыз керек. Конституцияда, жободо баары жазылган. Эми Баш мыйзам эмне болот? Алар өздөрү каалагандай чечим кабыл ала беришеби? Мыйзам резина болуп калды, каяка тартсаң, чечмелөө ошол жакка барат. Бирок андай болбошу керек. Баш мыйзам бар да. Келип түшүндүрүп берсин. Депутаттарды эл шайлаган. Бул сыйлабастык. Кийинки жумада келип жооп беришсин. Мыйзамды сыйлашыбыз керек», — деди депутат.

Жыйында депутат Жанар Акаев дагы Конституциялык сот мындан ары депутаттарды Жогорку Кеңештин макулдугусуз эле кылмыш жоопкерчилигине тартса болот деген бүтүм чыгарганын айтып, Конституциялык соттун төрагасы кызматтан кетиши керектигин билдирди.

Ал Баш мыйзамдын 78-беренесинде эл өкүлдөрү кылмыш жасаган жеринен кармалган учурду кошпогондо, ЖКнын депутаттарынын жарымынан көбүнүн макулдугу менен жоопко тартууга жол берилет деп көрсөтүлгөнүн белгиледи. Ушундай эле норма парламенттин регламентинде да жазылган.

«Конституциялык сот 23-майда Жогорку Кеңеш үчүн аябай кооптуу чечим чыгарды. Төлөндү Самаков деген бир жаран «ЖК депутаттарына макулдук албай эле иш козгой берсе болот да, мыйзам баарына бирдей» деп кайрылыптыр. Аны Министрлер кабинети да туура көрүптүр. Ушул маселеге Жогорку Кеңештин маани бербей калды, реакция кылышы керек эле», — деди Жанар Акаев.

Депутат Баш мыйзамды сактабай, аны бурмалаганы үчүн Конституциялык соттун төрагасы кызматынан кетиши керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Конституциялык сот Жогорку Кеңештин регламентиндеги “депутатка кылмыш ишин козгош үчүн парламенттин макулдугу керек” деген мазмундагы норманы Баш мыйзамга каршы келет деп тапкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>