Ысык-Көлдө УКМКнын жаңыланган имараты ачылды

Ысык-Көлдө УКМКнын жаңыланган имараты ачылды

Садыр Жапаров бүгүн Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында УКМКнын капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн имаратынын ачылышына катышты, деп билдирди президенттин маалымат кызматы.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын имараты өлкө коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу, улуттар аралык ынтымакты сактоо, коомдун саясий-социалдык туруктуулугун бекемдөө жаатында ишмердүүлүктү арттырууга өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

“УКМКнын облустардагы башкармалыктары өзүнө тагылган милдеттерди жетиштүү деңгээлде аткарып келе жатышат. Бирок бардык эле жоопкерчиликти коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жүктөй бербестен, алардын кызматтык милдетин так аткарууга көмөкчү боло турган шарттарды түзүү – бул мамлекеттин иши. Коопсуздук органдары, анын ичинде облустардагы башкармалыктар бизге ишенимдүү таяныч болуп берет. Мына ошондуктан, ички-тышкы коркунучтарды алдын алуу, керек болсо натыйжалуу сокку берүү үчүн жетиштүү шарттар түзүлүшү кажет”, — деди Садыр Жапаров.

Президент капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн имарат 1976-жылы курулганын маалымдады. Дээрлик жарым кылымды чамалаган бул имаратта капремонт жүргүзүлгөн эмес. УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана кызматкерлердин ишине тийиштүү шарттарды түзүп берүү максатында жалпысы 2 миң чарчы метрден ашык имарат толугу менен оңдолуп-түзөлүп, 544 чарчы метрди түзгөн кошумча имарат курулду. 517 чарчы метрлик спорт залы дагы оңдолуп-түзөлдү. 1000 чарчы метрге асфальт төшөлдү.

Садыр Жапаров мамлекеттик башкаруунун бардык чөйрөлөрүндө коопсуздукту бекемдөө жана мыйзамдуулукту сактоо укук коргоо органдарынын натыйжалуу ишмердүүлүгүнөн көз каранды экенин баса белгиледи. Сөзүнүн аягында мамлекет башчысы башкармалыктын кызматкерлерине бекем ден соолук, кажыбас кайрат, алдыга койгон максаттарга жетүү жана бакубат жашоо каалады.

Андан кийин президент имараттагы жаңыланган шарттар менен таанышты: кызматтык жайларды, актовый залды, медициналык-санитардык бөлүктү, ошондой эле машыгуу залын жана жайкы футбол талаасын көрүп чыкты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>