Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Чек арачылар жасалма орус паспорту менен жүргөн жаранды кармашты
18.01.2024 | 20:13
Кыргызстандын чек арачылары 18-январда Орусиянын жасалма паспорту менен жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлайт.
Маалыматка караганда, “Кайыңды-темиржол” көзөмөл-өткөрүү жайынын чек ара кезмети Бишкек – Самара каттамындагы поезддин жүргүнчүлөрүн паспорттук көзөмөлдөн өткөрүү учурунда толугу менен жасалма белгилери бар Орусиянын чет элдик паспортун көрсөткөн жаранды аныктаган.
Тиешелүү документтер толтурулган соң, андан ары териштирүү иштери жүргүзүлүшү үчүн кармалган жаран компетенттүү органдардын аймактык тарамынын кызматкерлерине өткөрүп берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар