Акылбек Жапаров Москвада Михаил Мишустин менен жолугушту

Акылбек Жапаров Москвада Михаил Мишустин менен жолугушту

Бүгүн, 18-январда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Москва шаарына (Россия Федерациясы) жумушчу сапары болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы бидирди.

Визиттин алкагында Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана анын  орун басары, Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык соода-экономикалык комиссиясынын илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча теңтөрагасы Алексей Оверчук менен жолугушуулар болду.

Бул жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар көп тармактуу кыргыз-орус кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну активдештирүү пландарын белгилешип, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча «синхрондук байкоо жүргүзүп»,  Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйынынын жана 11-аймактар аралык кыргыз-орус конференциясынын датасын макулдашышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>