Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Ысык-Көл облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, июль айынын ортосунда Ысык-Көл районунун Бостери айылынын 45 жаштагы тургуну Ысык-Көл ОИИБге арыз  менен кайрылып, Бостери айылынын айрым тургундары 2022-жылдын январь айынан бери, аны коркутуу жолу менен опузалап, ага тиешелүү болгон Бостери айылынын  аймагынын көл жээгинде жайгашкан 0,53 гектар  жер тилкесин Н.Э. аттуу жарандын наамына өткөрүп берүүсүн талап кылышып, анын өмүрүнө коркунуч келтирип жаткандыгын билдирген.

Арыз каттоого алынып, тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208 беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында ИИМдин Ысык-Көл жана Нарын областары боюнча башкармалыгы, Ысык-Көл ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери, УКМКнын кызматкерлеринин көмөктөшүүсү менен жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар адамдардын өздүктөрүн аныкташып, колго түшүрүштү.

Алар ИИМдин атайын каттосунда УКТ мүчөсү катары каттоодо турган Бостери айылынын тургундары — 36 жаштагы.  Ө.А.,  37 жаштагы Ж.У. жана 36 жаштагы И.Б. экени аныкталып, Ысык-Көл ОИИБдин тегөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Алдын ала суракта шектүүлөр  күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышты жана Каракол шаардык сотунун чечими менен аларга карата 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Учурда тегөө амалдары уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>