Ысык-Көлдөгү туристтик мезгилде милиция кандай иштери жүргүзөт?

Ысык-Көлдөгү туристтик мезгилде милиция кандай иштери жүргүзөт?

Бүгүн, 16-майда ички иштер министри Улан Ниязбеков жайкы туристтик сезон учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо жана республиканын аймагында коомдук тартипти сактоо багытында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар, анын ичинде “Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынын” өткөрүүдө коопсуздук чаралары туурасында онлайн кеңешме
өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кеңешмеде ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды.

Улан Ниязбеков онлайн чогулуштун жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун аймагында “Жайкы туристтик сезон расмий түрдө ачык деп жарыялангандыгын жана ошого
байланыштуу, жергиликтүү эс алуучулардын жана чет элден келген коноктордун коопсуздугун сактап, одоно тартип бузууларга бөгөт коюп, жол кыймылынын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо – ички иштер органдарынын приоритеттүү багыты болуп саналат деп баса белгиледи.

«Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун, Ички аскерлердин, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, Күзөт кызматынын жана жер-жердеги ички иштер органдарынын кызматкерлери жайкы туристтик сезон учурунда коомдук тартипти сактап, элге сервистик тейлөө көрсөтүү үчүн туристтик аймактарга белгиленген тартипте бөлүштүрүлөт. Ар бир шаардык, облустук ички иштер башкармалыктарында элдин коопсуздугун камсыздоого бөлүнгөн
күч-каражаттарды координациялоо үчүн “Маалыматтык топтор” иштейт.

Элди алдап, алдамчылык жолу менен жарандарды материалдык чыгымга учураткан, ошондой эле эс алууда жүргөн жарандардын жана чет элден келген туристтердин акча-каражаттары, буюмдары уурдалып кетүүсүнө бөгөт коюу үчүн алдын алуу ыкчам иштери күчөтүлсүн. Коомдук жайларда, көчөлөрдө, жалпы эл эс алуучу аймактарда бейбаштыктарды, баарына бирдей болгон коомдук тартипти одоно бузууларды, элге жат көрүнгөн окуяларды болтурбоо үчүн кайгуул иштери сапаттуу жүргүзүлсүн», — деди Улан Ниязбеков.

Жогоруда белгиленип өткөн учурлардын негизинде бир катар тапшырмаларды коюп аны кынтыксыз аткаруу керек экенин белгиледи. Ошондой эле, төрт багыттан турган “Нускамалык тапшырмалар” коюлду.

Биринчи нускама: Коомдук коопсуздукту камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүү иштери туруктуу негизде жүргүзүлсүн. Ушул жылдын 26-27-май күндөрү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин форуму өтүшүнө байланыштуу атайын иш чараларды күчтөндүрүү колго алынсын. Андан тышкары, жайкы туристтик сезондун башталышы менен жергиликтүү калктын жана чет элден келген коноктордун коопсуздугу каралсын.

Экинчи нускама: Элдин турмуш тиричилик абалына терс таасирин тийгизген кылмыштарды, окуяларды болтурбоо жана ага бөгөт коюу максатында алдын алуу түшүндүрүү иштери күчөтүлсүн. Коомдук жайларда, көчөлөрдө, жарандар эс алуучу аймактарда күнү-түнү “Коомдук кайгуулдар”, “Көчмө патрулдар” жүктөлгөн милдеттерин так аткарсын

Үчүнчү нускама: Чек-ара аймактарындагы чыр-чатактарды болтурбоо, экстремизм жана мыйзамсыз миграция фактыларын алдын алуу боюнча, жергиликтүү дин иштеринин бөлүмдөрү, башка улуттардын өкүлдөрү, айыл аксакалдар жана жаштар кеңештери менен бирге ар түрдүү чагымчыл аракеттерди болтурбоо, эл арасында, анын ичинде улуттар арасында кастыкты козутууга шарт түзгөн учурларга бөгөт коюу үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

Төртүнчү нускама: Өздүк курам арасында мыйзамды жана тарипти сактоо, элге сылык мамиле жасоо, жүктөлгөн милдеттерди так аткаруу, элге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү иштери улантылсын.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>