Ысык-Көлдүн мектептерине жаңы компьютерлер берилди

Ысык-Көлдүн мектептерине жаңы компьютерлер берилди

Ысык-Көл облусунун мектептерине жаңы компьютерлер берилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, министр Талантбек Имановдун Ысык-Көл облусуна болгон иш-сапарынын алкагында Каракол шаарындагы №6 жалпы билим берүүчү мектебинде болуп, аталган мектептин Ресурстук борборуна жаңы техникалык каражаттар: жаңы компьютерлер, интерактивдик такта жана сыналгы, муну менен бирго воллейбол ойноочу тор жана топтор берилди.

Ошондой эле, министр Талантбек Иманов Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылындагы Ж.Асаналиев атындагы, Жети-Өгүз районундагы Желе-Дөбө айылындагы Б. Исмаилов атындагы жана Богатыровка айылындагы К. Кыштобаев атындагы мектерге да жаңы компьютерлерди тапшырды.

Иманов белгилегендей, Кыргызстанда мектеп окуучуларынын арасынан санариптик технологияларга кызыгышкан креативдүү балдар көп, алар азыр өздөрүнүн технологиялык “кереметтерин” жаратышып жаткандыктары бизди кубандырбай койбойт, ал эми мамлекет алардын өсүп-өнүгүүшүнө бардык шарттарды түзүп бериши абзел.

Министр өсүп келе жаткан, санариптик технологияларга кызыккан  таланттуу жаштар менен гана келечектеги санариптик Кыргызстандын жаркын келечегин курууга мүмкүн экендигине ишеничин билдирди.

Ысык-Көл облусундагы мектептерге көрсөтүлгөн материалдык-техникалык жардам педагогдор менен окуучулардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө жана заманбап техникалык каражаттарды колдонуу менен билим сапатын жогорулатууга багытталган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>