Ысык-Көлдүн тургуну чоочун банктык картадан акча чыгарып алган

Ысык-Көлдүн тургуну чоочун банктык картадан акча чыгарып алган

Ысык-Көл облусунда көчөдөн таап алган банктык картадан  27000 сом чыгарып алган жаран кармалды, деп билдирди облустук милициядан.

Маалыматка караганда, 20-сентябрда Жети-Өгүз райондук милициясына Кызыл-Суу айылынын 62 жаштагы тургуну кайрылып, 15-августтан 20-августка чейинки аралыкта белгисиз себептер менен эсебинде 27000 сом бар банктык картасын жоготуп алгандыгын билдирген.

Ошондой эле, 5-сентябрда белгисиз адамдар эсебиндеги акча каражатын толугу менен чыгарып кеткендигин кошумчалаган.

Жабырлануучунун арызы райондук милицияга катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Жети-Өгүз РИИБдин өкүлү жана балдар иштери боюнча инспектору тарабынан кылмышка шектүү жаран аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Ал, Кызыл-Суу айылында жашаган 40 жаштагы Ж.Г. аттуу аял киши болуп чыкты. Алгачкы сурактын жүрүшүндө, банктык картаны көчөдөн табып алганын, андан кийин 27000 сом акча каражатты ошол эсептен алгандыгын билдирген. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>