Кытайдын гранты: Быйыл Бишкекте 70 чакырым жол салынат

Кытайдын гранты: Быйыл Бишкекте 70 чакырым жол салынат

Кытайдан алынган гранттын эсебинен быйыл Бишкекте 70 чакырым жол салуу пландалган. Бул тууралуу парламенттин тармактык комитетинин жыйынында Бишкек шаарынын Транспорт департаментинин директору Максат Нусубалиев билдирди.

Анын айтымында, Кытай Кыргызстанга берген 1 млрд юань гранттын эсебинен быйыл «Бишкектин көчө-жол тармактарын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасы жүрүүдө.

«Кытай грантынын эсебинен бул долбоордун экинчи фазасы жүрүп жатат. Ага ылайык 70 чакырым жол салынууда. Ал быйыл 30-октябрда аяктайт. Келерки жылы үчүнчү фазасына өтөбүз. Анда беш айланма көпүрө (транспорттук развязка) салынат. Учурда «Бишкек башкы архитектура» берген эскиздер кытай тарап менен макулдашылууда. Үчүнчү фазанын алкагындагы иштер март айынан башталат», — деди ал.

Нусубалиев алардын департаменти бул долбоорго быйыл киришип жатканын айтып, буга чейин аталган долбоордун алкагында канча жол салынганын айта алган жок.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>