Адылбек Касымалиев Евразияда креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө чакырдыМанас шаарынын мэри кызматтан бошотулду. Президент тескемеге кол койдуБекешев: Көлбаевдин бардык мүлкү мамлекетке өткөн эмесТаласта фотокапкандардын объективине ак илбирс, сүлөөсүн жана башка жаныбарлар түштүСыдыгалиев: оор кылмыш боюнча айыпталгандар камакта болушу керекБишкекте «CYBERVISION 2026» заманбап көргөзмөсү өтөт
Ысык-Көлдүн тургуну үйүнө 5,1 кг марихуана катып койгон
28.09.2023 | 19:06
Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн 5 килограммдан ашык марихуана табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, УКМК тарабынан ИИМдин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте уюшкан кылмыштуу топторго (УКТ) жана баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 20-сентябрда Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы даректердин биринен 5 килограмм 190 грамм “марихуана” табылып, алынган.
Учурда тергөө жана тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом