Садыр Жапаров Берлинге барды

Садыр Жапаров Берлинге барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен Берлин шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын учагы “Берлин-Бранденрбург” эл аралык аэропортуна конду.

Эске салсак, иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы 29-сентябрда өтө турган “Германия – Борбордук Азия” саммитине катышат, Германиянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле “Германиянын экономикасынын чыгыш комитети” герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>