Юрий Шатунов 48 жашында каза болду

Юрий Шатунов 48 жашында каза болду

Орусиялык ырчы, «Ласковый Май» тобунун мурдагы солисти Юрий Шатунов 48 жашында каза болду. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар аткаруучунун режиссёру Аркадий Кудряшовго шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ырчынын жүрөгү ооруп жүргөн.

«Бүгүн түнү тез жардам унаасында Юранын жүрөгү токтоп калды» деди Аркадий Кудряшов.

Юрий Шатунов 1973-жылы Башкырт АССРинде туулган, 1986-1991-жылдары «Ласковый Май» тобунун солисти болгон. Ал жалпы коомчулукка «Белые розы», «Лето», «Пусть будет ночь», «Седая ночь» жана башка хиттердин аткаруучусу катары белгилүү. Бул топ 1991-жылы Шатунов кеткенден кийин эле тараган. Андан кийин Шатунов Германияга барып, ал жактан үн режиссёру адистигин алган. Бир нече убакыт студияда гана иштеп, андан кийин жеке карьерасын уланткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>