Сот Мирлан Ураимовду үй камагына чыгарды

Сот Мирлан Ураимовду үй камагына чыгарды

Бишкек шаардык соту “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды.

Ал тарапташтарынын алдына чыгып, колдоочуларына ыраазычылык билдирди.

«Менин атыман жазылган комментарий башкача жазылган, атайын жазылган. Мен дайым пост жазам бирок, комментарий жазбайм, Мына менин ушул комментарий жазбаганым, менин ак экенимди көрсөттү» — деди.

Бугүн, Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдына тарапташтары Мирлан Ураимовдун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүнү талап кылып чыгышкан болчу.

Мирлан Ураимов 8-февралда кармалган. Ал бийликти күч менен басып алууга коомчулуктун чакырыктарына шектелүүдө. Социалдык тармакта Мирлан Ураимов аттуу колдонуучу жазды делген пост жарыяланган.  Анда “бийликти алмаштыруу керек, жакшы иштебей жатат”- деп жазылганы айтылат. Ал эми Ураимов муну жазбаганын айтып, бул айыпка макул эместигин билдирүүдө.

Мирлан Ураимов 10-февралда УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>