Жайыл районундагы айылдардын биринде спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды

Жайыл районундагы айылдардын биринде спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды

Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылында айыл имамы жана айыл жаштарынын демиилгеси менен спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды. Бул туурасында айыл имамына таянып Муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Жергиликтүү айылдын жаштары дүкөндөрдөн 10 миң сомго ичимдиктерди сатып алып, талаага алып чыгып төгүштү.Эми мындан ары айылдагы дүкөндөрдө спирт ичимдиктери сатылбай турган болду. Бул демилгени айыл эли толугу менен колдоду. Айылдагы дүкөнчүлөр менен сүйлөшүүлөр болуп, алар да бул ишке каршы эмес экендиктерин билгилешти”, — деп айыл имамы Жолдош Алиев билдирген.

Эскерте кетсек, буга чейин да Алай, Ноокат, Ноокен, Ыссык-Көл жана Лейлек райондорунун бир нече айылдарында эч кандай мыйзамы жок эле коомчулуктун жалпы чечими менен спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>