Жакында Кыргызстанга киргизилген скутерлерди легалдаштырууга уруксат берилиши мүмкүн

28.05.2026 | 12:14

Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Марлен Маматалиев Кыргызстанга киргизилген скутерлерди легалдаштыруу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын билдирди.

Анын айтымында, бул маселе жакында депутаттык топтун Санкт-Петербург шаарына болгон сапары учурунда талкууланган.

«Бул боюнча ИИМ менен сүйлөштүм. Жакынкы аралыкта президенттин жарлыгынын алкагында чет өлкөлүк номердеги автоунааларды легалдаштыруу боюнча документ чыгат. Мен ага унаалар менен катар скутерлерди дагы кошууну сурандым», — деди Маматалиев.

Ал буга чейин скутерлер үчүн өзүнчө норма каралбагандыктан, техникалардын бир бөлүгү өлкөгө мыйзамсыз кирип калганын түшүндүрдү.

Спикер ошондой эле депутат Дастан Бекешев чет өлкөлүк номердеги унаалар үчүн убактылуу номер берүү боюнча сунушуна дагы токтолду.

Маматалиевдин айтымында, бул маселе дагы учурда талкууланып жатат жана депутаттар тиешелүү механизмдин үстүндө иш алып барышууда.

Scroll to Top