Чоң-Алайда Германиядан келген жогорку түшүмдүү жүгөрү сыноо үчүн эгилди

28.05.2026 | 12:25
Өсүп турган жүгөрү

Ош облусунун Чоң-Алай районуна Германиянын «KWS» компаниясынын «КВС КАШМИР» (FAO 390) сортундагы жүгөрүсү эксперимент катары эгилди. Жүгөрү аймактын жогорку, ортоңку жана ылдыйкы зоналарына жалпы 3,5 гектар аянтка эгилген. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган гибрид жогорку түшүмдүүлүгү жана кургакчылыкка туруктуулугу менен айырмаланат. Адистердин маалыматы боюнча, бул сорттун түшүм берүү дарамети гектарына 150 центнерге чейин жетет. Жүгөрү дан жана тоют алуу багытында колдонулат.

Иш-чара Чоң-Алай районунун акими М. Шамыркановдун тапшырмасы менен мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана тоют базасын чыңдоо максатында ишке ашырылып жатканы маалымдалды. Процесске райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин адистери катышууда.

Scroll to Top