Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Видео: Өспүрүм бала атасы уктап жатканда, Lexus унаасын айдап кеткен
10.03.2023 | 15:33
Бишкекте 15 жаштагы өспүрүм атасы уктап жатканда, анын Lexus унаасын айдап кеткен. Бул тууралуу өспүрүмдүн атасы билдирди.
Маалым болгондой, буга чейин өспүрүм бала Lexus унаасын айдап бара жатканы тартылган видео чыккан. Видео тууралуу билгенден кийин баланын атасы Милициянын кайгуул кызматына өзү келген.
Анын айтымында, уулу ал уктап жатканда уунасын айдап кеткен.
“Мен уктап жатканда, балам унааны айдап кетиптир. Досторум чалып, “интернетке чыгып кетиптирсиң” деди. Аны билгенден кийин дароо МАИге келдим. Менден ката кетсе, кечирим сурайм”, – деди ал.
Аталган жаранга 15 мин сом айып пул салынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз