Кыргызстанда инсулин тартышпы? Саламаттык сактоо министрлигинин жообуБишкекте Элебесов, Безымянная, Кожевенная жана Киргизская көчөлөрү реконструкцияланатЭль-Ниньо Борбор Азияга жетти: жаан-чачындын көбөйүшү, аптап жана сел коркунучуОш прокуратурасы мыйзамсыз казуу жана жасалма токтомдор боюнча үч кылмыш ишин козгодуЖалал-Абаддагы президенттин биринчи орун басары КРСУ, докторантура жана жаш ректор тууралуу айтып бердиКРСУнун доценти Владимир Школьный: Биздин билим берүү системабыздын жемиши — студенттер
Жалал-Абад: Милиция окуучулар ортосунда спорттук таймаш өткөрдү
10.05.2022 | 11:59
Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан “Спорт – ден соолуктун булагы” аталышындагы мелдеш өткөрүлдү. Бул туурасында Жалал-Абад облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, таймашка жогорку класстардын улан-кыздары катышып, баскетбол оюну боюнча күч сынашышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери укук бузууларга жана кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле мекенди жана спортту сүйүүгө, мыкты билим алууга чакырышты.
Соңунда жеңүүчүлөр Сузак милициясы тарабынан даярдалган кубок, дипломдор жана атайын китепчелер менен сыйланышты.

Рубрики: Жаңылыктар, Спорт