Кыргызстанда инсулин тартышпы? Саламаттык сактоо министрлигинин жообу

Бишкек шаарынын тургуну социалдык тармактарда Кыргызстанда инсулин тартыш болуп жатканын билдирди. Анын айтымында, бул тууралуу ага 17-июлда Шаардык эндокринологиялык диспансерде айтышкан. Ал 1-типтеги кант диабети менен ооруган II топтогу майып болгондуктан, ал жакка дары алуу үчүн барган.
Ошондой эле, анын айтымында, диспансерден ага «дарыны өз алдынча сатып алууну» сунушташкан.
«Чынын айтсам, көңүлүм чөгүп, үмүтүм үзүлгөндөй болуп чыктым. Биздин шаарда инсулин табуу — оңой иш эмес. Кийинчерээк ушундай эле диагнозу (1-типтеги кант диабети) бар тааныштарымда да инсулин боюнча көйгөй бар экени, ал Бишкек шаары менен гана чектелбеси белгилүү болду», — деп билдирди шаар тургуну.
Ал кечээ баары бир инсулин сатып алууга үлгүргөнүн баса белгиледи.
«Үч кутучасы (упаковка) бизге 13 500 сомго түштү. Чынын айтсам, бул сумма баарына эле жеткиликтүү эмес. Айрымдар акча сурап, кайрымдуу адамдарга үмүт кылууга мажбур. Төмөндө инсулин боюнча чындап эле көйгөйлөр бар экенин далилдөө үчүн чектин сүрөтүн, ошондой эле жазышуулардын көчүрмөлөрүн (скриншотторун) тиркеп жатам», — деп жазат ал.
КР Саламаттык сактоо министрлигинин башкы штаттан тышкаркы эндокринологу Наталья Добрынина Reporter.kg агенттигине түшүндүргөндөй, шаарда инсулин жетиштүү, бирок «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы бардык дарыларды толук жеткире элек. Ошондуктан, бейтаптар дары сурап кайрылганда, аларга убактылуу инсулиндин башка түрүнө өтүү сунушталат. Эгерде алар баш тартышса, анда дарыны өз алдынча сатып алышат.
«Балким, бейтап өзү көнүп калган гана инсулинди алгысы келип жаткандыр. Бирок мамлекет аны сатып албаса, биз аны физикалык жактан бере албайбыз, анткени анын ордуна башка соода аталышындагы башка дары сатылып алынган, бирок ал ошол эле инсулин. Бизде болгон бардык инсулиндердин сапаты жакшы», — деди Добрынина.
Ал түшүндүргөндөй, эгерде «Аспарт» инсулини сатылып алынган болсо, ал башка өндүрүүчүнүкү болушу мүмкүн, бирок кандай болгон күндө да ал «Аспарт».
«Өндүрүүчүсү башка болушу мүмкүн, ошондуктан инсулиндин таасири бир аз айырмаланышы ыктымал. Бирок, негизинен, дээрлик бардык бейтаптар бир инсулинден экинчисине жакшы эле өтүшөт. Ошондуктан бейтап келсин, анын кайсы инсулинди алып жатканын карайбыз. Биз бир адам үчүн конкреттүү бир өндүрүүчүнүн дарысын сатып ала албайбыз. Бирок республикада инсулин такыр жок деп айтуу — туура эмес», — деп баса белгиледи адис. Ошондой эле ал бейтап өзүнө сунушталган инсулинден баш тарткан болушу мүмкүн деп божомолдоду
Анара Мамытова