Бишкекте Элебесов, Безымянная, Кожевенная жана Киргизская көчөлөрү реконструкцияланат

22.07.2026 | 17:00
Бишкекте Элебесов, Безымянная, Кожевенная жана Киргизская көчөлөрү реконструкцияланат — Новости Кыргызстана

Элебесов көчөсүндө тургундар канализация куруу маселесин көтөрүштү. Жолугушуунун жыйынтыгы менен «Бишкексууканал» МИне үч күндүк мөөнөттө түйүндөрдү өткөрүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп, расмий жооп берүү тапшырылды. Кожевенная көчөсүндө реконструкциялоо зонасындагы тосмолорду, анын ичинде ӨКМдин №2 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн тосмосун алуу чечими кабыл алынды.

Эң масштабдуу иштер Киргизская көчөсүндө — Саадаев көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чейинки узундугу 4,1 чакырым болгон тилкеде жүрүүдө. Долбоордо унаа жолун төрт тилкеге чейин кеңейтүү жана туурасын 16 метр кылуу, эки тротуар, ирригациялык системаны куруу жана иштеп жаткан көпүрөнү кеңейтүү каралган.

Башында бул жерде жолду гана реконструкциялоо пландалган, бирок тургундардын кайрылуусу боюнча алгач канализацияны өткөрүп, андан кийин гана жолго асфальт төшөө чечими кабыл алынды. Жаңы түйүн 2 миңге жакын тургунду кызмат менен камсыздайт.

«Алгач жолду куруп, анан бир нече жылдан кийин канализация өткөрүү үчүн аны кайра казуу туура эмес», — деп түшүндүрдү Жунушалиев.
Теги: мэрия
Scroll to Top