Жалал-Абад милициясына демөөрчүлөр эки унаа беришти

Жалал-Абад милициясына демөөрчүлөр эки унаа беришти

Жалал-Абад милициясына демөөрчүлөр эки унаа беришти. Аны Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов тапшырды. Ал иш сапары менен Жалал-Абад облусунда. Бул туурасында жергиликтүү милиция кабарлады.

Маалыматка караганда, унаа тапшырган соң Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери үчүн салынып жаткан имаратка жана өздүк курамдын дене тарбия машыгуулары үчүн кичи футбол аянтчасына капсула салышты.

Октябрь Урмамбетов милицияга колдоо көрсөтүп жаткан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, милиция коомдук тартипти жана инвесторлордун коопсуздугун тыкыр көзөмөлгө ала тургандыгын белгиледи. Ошондой эле милицияга колдоо көрсөткөндөргө ИИМдин медалдарын тапшырды.

 

Иш сапар Базар-Коргон районунда улантылып, милициянын аймактык пунктунун (УПМ) ачылыш аземи өткөрүлдү. Ички иштер министринин орун басары кызматкерлердин эл менен тыгыз иштөөсүнө карата жасалып жаткан жумуштарды көрүп, эл ишеничин актоо жана кызмат көрсөтүү эң негизги багыттардын бири экендигин баса белгилеп өттү.

Иш сапар облустук башкармалык үчүн оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан имараттан улантылып, ал жердеги аткарылып жаткан оңдоо иштери менен таанышып чыкты.

Андан ары Көк-Жаңгак шаарчасын карай жол улап, Сузак райондук милициянын, Көк-Жаңгак шаардык милиция бөлүмчөсүнүн имаратын ачуу аземине катышып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте арча көчөттөрүн отургузушту.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>