Токмокто үйлөрдөн акча, алтын уурдаган жаран кармалды

Токмокто үйлөрдөн акча, алтын уурдаган жаран кармалды

Токмок шаарында уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Токмок шаарынын ички иштер органдарына арыз менен 1961-жылы туулган К.Л. аттуу жергиликтүү тургун кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 14-декабрында саат 08:00-18:00 чамасында белгисиз адамдар үйүнүн терезесин сындырып, 350 миң сом акчасын жана жалпы суммасы 15 миң сомдук алтын буюмдарын уурдап кетишкенин айткан.

Бул факты “уурулук” беренеси боюнча катталып, кылмыш иши козголгон.

Токмок шаарынын милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары мурда соттолгон 1991-жылы туулган А.М.ди колго түшүрүшкөн. Учурда шектүү Токмок шаардык ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Милиция кызматкерлери кармалган адамдын башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогун тактоодо.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>