Жалал-Абад облустук Жол коопсуздугу башкармалыгы айдоочуларга кайрылды

Жалал-Абад облустук Жол коопсуздугу башкармалыгы айдоочуларга кайрылды

Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Көк – Бел, Ала-Бел, Төө-Ашуу ашуусуна жана Чычкан капчыгайында кар жаап, жолдор тайгак болгондугуна байланыштуу айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууну жана  керектүү шаймандарды жанына алып жүрүүсүн эскертет.

Учурда облустук жол коопсузудугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери, автобекеттерде жана жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген айдоочулардын токтоочу жайларында, жалпы айдоочулук курамга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>