Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айылынын Туңгуч көчөсүндөгү жалпы аянты 48 чарчы метр сарай толугу менен күйүп кетти. Өрттү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы эки өрт өчүрүүчү бөлүмү, саат 04:00дө өрт чектөөгө алынып, 05:34тө толук өчүрүлдү.
Ушул тапта өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Бул туурасында аталган министрликтен билдиришти.