Өзбекстанда Apple Pay жана Google Pay төлөм кызматтарын кошуу башталдыКыргызстанда унаалардын жүргөн жолун азайтып көрсөткөндөргө айып пул салуу сунушталуудаАлгачкы жолу Кыргызстанда басылган 20 жана 50 сомдук жаңы банкноттор жүгүртүүгө чыктыБишкектеги аялдамага автобустардын келүү убактысын көрсөткөн акылдуу табло орнотулду — сүрөтМинистрлик: Караколдо Ысык-Көлгө саркынды суулар куюлуп жатат делген маалымат тастыкталган жокАзия кубогу-2027: Кыргызстан Иран, Сирия жана Кытай менен бир тайпада ойнойт
Жалал-Абадда 259 млн сомго сейил бак жерлери сатылып кеткен
14.12.2022 | 15:19
Жалал-Абадда мамлекеттик кызматкерлер сейил бак жерлерин 259 миллион 41 миң сомго мыйзамсыз сатышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Шаардын борборундагы сатылган жер тилкесинин аянты 11,2 гектарды түзөт.
Бул факты боюнча Жалал-Абад шаардык кеңешинин, шаардын мэриясынын, Жалал-Абад облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абаддагы филиалынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом