Каза болгон 18 адамга жалган ишеним кат жасаган кызматкер кармалды

Каза болгон 18 адамга жалган ишеним кат жасаган кызматкер кармалды

Чүй облусунда жалган ишеним каттарды даярдоонун каналы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан учурда каза болгон деп саналган 18 жаранга жалган ишеним каттарды даярдоонун каналы аныкталды.

Ошондой эле Кыргызстандын аймагынан тышкары туруктуу жашоого кеткендер, алардын негизинде Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө мыйзам бузуулар менен жасалма токтомдор чыгарылган, ошондой эле «Кадастр» мекемесинин Сокулук районундагы филиалынын кызматкерлери тарабынан жогоруда аталган жер тилкелерине укук белгилөөчү документтерди андан ары сатуу максатында мыйзамсыз катташкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, А.А.М. аттуу Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын жашаган жерине тинтүү жүргүзүү учурунда, жер участокторун берүү жана сатуу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерди уюштуруу фактысын тастыктаган (басып чыгаруучу машина, басып чыгаруучу машинанын бир эски түстү кагаз рулону, жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө даяр токтомдор, эски үлгүдөгү Орок айыл өкмөтүнүн жана Сокулук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнүн мөөрү басылган А-4 форматтагы кагаздар, ири өлчөмдөгү чет элдик валюталар) материалдар жана буюмдар табылып алынды.

Ошондой эле мыйзамсыз сакталган 15 даана ар кандай калибрдеги ок-дарылар алынган. Учурда мыйзамсыз берилген жердин жалпы аянты 5,5 гектардан ашык. Бул кылмышты жасоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>